Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жолду тосуп алган тажиктер, кыргыз өрт өчүрүүчүлөрүн өткөрбөй коюшту

Кыргыз-тажик чегинде абал салыштырмалуу тууруктуу деп бааланды

Учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик чегарасындагы абал салыштырмалуу туруктуу.

Саат 10:00 акыбал боюнча: Таш-Тумшук аймагында бир күйду, бир ауди автоунаасы өрттөлгөн жана бир Кыргызстандын жаранынын КАМАЗ автоунаасынын прицеби өрттөлдү. Өрт чыккан жерге багыт алган өрт өчүрүүчү эсепти жолду тосуп алган тажиктер өткөрүшкөн жок. Алар Төр-Көчө аймагындагы жолду тосуп алышкан.

Жалган курандын он үчүндө тажик жарандары Баткен облусунун Ортобоз айылындагы жергилктүүтургундардын сарайын өрттөп жиберишкен. Кыргызстандын бир жараны жараат алып Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

Мамлекеттик чегаранын кыргыз-тажик аймагындагы кырдаалдын курчтугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматы чегараны коргоонун күчөтүлгөн түрүнө өттү.

Кечээтен бери Баткен чегара отрядынын аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматынын төрагасынын орун басары Исаков жүрөт. Ошондой эле бүгүн эртең менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасынын төрагасы Уларбек Шаршеев тажик кесиптештери менен жоолугушуу үчүн Баткенге учуп кетти.

Учурда чегара өкүлдөрү, облустук администрация башчылары, Кыргызстандын жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын жетекчилери Баткен-Лейлек (КР) жана Исфара-Ворух (ТР) жолун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзуп жатышат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматынын маалымат кызматы жана коомчулук менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www





 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх