Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чегиндеги жаңжалдын тасмасы пайда болду (видео)

Вице-премьер Жеңиш Разаков жүздөгөн кыргыз жана тажик жарандары катышкан окуянын чоо жайын билүү үчүн Баткенге учуп кетти

Кечээ саат 15:30 Кожогар аймагында Баткен районунун Аксай айылынын тургундары менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундары жаңжалдашкан. Жаңжалга себеп Баткен облусундагы Аксай-Тамдык айланма жолунун курулушу болгон.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматынын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш айылдарынын тургундары өз ара урушуп кетишкен соң бири бирине таш ыргыта башташкан. Андан кийин ал жерге кыргыз жана тажик чегарачылары жетип келишип жаңжалды токтотушкан.

Белгилүү болгондой, саат 18:00 кыргызстандыктар Аксай калктуу пунктундагы жолду тосуп алышкан. Ошол эле убакта тажикстандыктар Төрт-Көчө аймагындагы жолду тосуп алышкан.

Кийинчерээк, саат 20:30 кыргыз-тажик чегиндеги абал курчуп кетти: тажик жарандары Баткен районундагы Ортобоз айылындагы сарайды өрттөп кетишти.

Жаңжалдын натыйжасында кыргызстандык жаран жараат алып ооруканага жаткырылды.

Учурда кыргыз-тажик чегарасындагы абал салыштырмалуу туруктуу.



Бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Окуя болгон жерде Баткен облусунун чегарачылары, ӨКМ өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана саламаттык сактоо Министрлигинин өкүлдөрү турушат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх