Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чегине барып, териштирип келүү үчүн кетти

Экс-депутат өзүмдү көрсөткөнү эмес, кыргыз жеринин ар бир кулачын баалаганым үчүн барганы жатам дейт

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев Баткенге чыгып кетти, ал ал кыргыз-тажик чегиндеги жаңжал чыккан жерге барат. Бул туурасында оппозиционер өзүнүн фесбук баракчасына жазып чыкты.

«Кагылайын кыргыз калкым! Мен Баткендеги талаш аймак үчүн баарына барууга даярмын. Кээ бирөөлөр мени өзун көрсөткөнү жүрөт дешет, бирок мен үчун кыргыз жеринин ар бир кулачы кымбат. Мен Баткенге барам. Бийлик болсо мурункудай эле эч нерсе чече албайт, эч нерсе кылбайт. Эл жана жер биздики - биз аны келечек муундарга өткөрүп беребиз».

Эске салсак, кечээ Кожогар аймагында Баткендин Аксай айылынын тургундары менен Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундары айланма жолдун курулушу үчүн жаңжалдашып кетишкен.

Кыргызстандын жана Тажикстандын эки жүзгө чукул жарандары уруша кетишип, андан соң та атышууга өткөн. Окуя өрттөө менен аяктаган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх