Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бизге терроризмге караганда «экинчи Аксы окуясы» чыгып кетүү коркунучу чындыкка жакыныраак»

Коргоо министринин мурдагы орун басары Сооронбай Жээнбеков чек ара маселесин тажик кесиптештери менен тез арада сүйлөшүп чечүү керек деп эсептейт

Эгерде туура укуктук баа берилбесе кыргыз-тажик чегиндеги жаңжал кайрадан курчуп кетиши ыктымал. Кечээги чыр-чатак тууралуу мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын эс алуудагы полковниги Кубанычбек Сарыбаев бөлүштү.

Биздин Тажикстан менен бул маселе тууралуу мамлекет аралык келишимибиз жок, - деп түшүндүрдү ал. - Чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктай элек. Өкмөт бул процессти тездетүүсү зарыл. Анткени ал иш аяктаса алардын эмнеге доомат койгондору анык болуп калат. Ал эми маалыматтык иштерди азыр баштоо керек.

Башпрокурордун мурдагы орун басары жана улуттук коопсузудук министринин мурдагы орун басары, эс алуудагы юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде чек ара маселесин чече турган өкмөттүн бүтүндө бир чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бар деп айтты.

- Эмне үчүн ал бишкекте жүрөт, анын түштүктө иштери кайнап жатат го? - деп суроо узатат эксперт.
- Азыр ал Баткенге учуп кетти, элдин баары анын үй бүлөсүн ошол жакка көчсүн деп сунуш кылгандан кийин гана кетти. Ошондуктан мен чиновниктер өзмилдеттерин аткарбай жатат дегенге толук макулмун.
Уруш талаш көбүнчө турмуш тиричиликтин айынан чыгат - жайыт, суу сыяктуу нерселер түрткү болот. Ошондуктан, Кожоналиевдин ою боюнча, муну териштирүү өтө кыйын, ар кимдин өз чындыгы бар.

Коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов да ошону айтат. Кыргыздар менен тажиктер талаш жерлерде кантип көп жылдардан бери жашашкан. - Мен жакында окуган лекциямда бизге дүйнөлүк терроризмге караганда «жаңы Аксы окуясынын» чыгып кетүү коркунучу чындыкка жакыныраак дедим, - дейт ал Vesti.kg сайтына. Элдердин кагылышып кетишинен сактануу керек. Ошондуктан акимдер кыла турган ишти кылбай атышат, - дейт аскердик эксперт.

Анын ою боюнча, президент Сооронбай Жээнбеков тезинен тажик президенти Эмомали Рахмонов менен келишип чек араны делимитациялоосу керек.
- Мүмкүн болушунча 2019-жылдын июнь айына чейин бул ишти бүтүрүү керек, анткени анда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саммити болот, - деп кошумчалады Бейшенов. - Ансыз буга эч ким көңүл бурбайт экен.


Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты кечээ Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагында кыргыз жана тажик жарандары 200 чакты болуп топтолуп бири бирине таш атышкандыгы тууралуу билдирген эле.

Кийинчерээк тажиктер кыргыздардын бир үйүн, жеңил автомашинаны жана КАМАЗдын прицебин өрттөп кетишкен. Өртөчүрүүчүлөрд алар өткөргөн эмес.

Чыр-чатактын чыгышына Баткен облусундагы Аксай-Тамдык айланма жолунун курулушу себеп болгон.

Жаңжалды басуу үчүн эки тараптын чегарачылары келип эскертүү иретинде асманга атышты, аларга Баткен облустук укук коргоо органдарынын кызматкерлери жардамга келишти.
Баткен чегара отрядынын өздүк курамы чегараны коргоонун күчөтүлгөн режимине өттү. Чегарага жакын аймактагы тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Кыргызстандын бир жаранын алган жараатына байланыштуу Баткен районунун Самаркандек айылындагы бейтапканага жаткырышты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков окуя болгон жерге жөнөп кетти. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев тажик кесиптештери менен жоолугушуу үчүн учуп кетти.

Азыр кыргыз-тажик чегиндеги абал тынч.

Белгилей кетели, 2018-жылы кулжа айында тажик чегарачыларынын чек ара сызыгын бузгандыгы ок чыгарууга себеп болгон. Ал эми 2018-жылы бугу айында Исфара районунун Ворух жамаатынын «Точикон» маалесинин төрагасы Кыргызстандын чегиндеги мушташта ок жеген болчу. 2018-жылы чын куранда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары Үч-Дөбө айылында жаңжалдашкан.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх