Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эскертүү иретинде асманга аттык». Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстандын УКМК билдирүүсүнө жооп кылды

Кыргызстандын аскер кызматкерлери коңшу өлкөнүн жарандарына карата курал колдонбогондуктарын билдиришти

Кыргызстандын жана Тажикстандын чегарачылары эскертүү иретинде асманга атышкан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматы Vesti.kg сайтына билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, кыргызстандын аскер кызматкерлери биринчи болуп ок чыгарган эмес. Тажик тарап айткандай коңшү республиканын жарандарына карата ок чыгарышкан эмес.

Синхрондуу түрдө гана асманга ок атуу болгон, анткени ошол учурда жаңжалдашкандар бири бирне жакындап келишкен болчу, - деп тушундүрдү чегара кызматынан. - Бул көрүлгөн чара топтошкон элди таркатуу максатында болгон.

Тажикстандын УКМК чек арадагы башаламандыкка Кыргызстанды айыптады. Мекеме Кыргызстандын чегарачылары курал колдонду деген маалымат таркатты. Анын натыйжасында бир жаран өлүп, экөө жаракат алган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы аскер кызматкерлери асманга атышкан деп ырасташты.

- Биз коңшу мамлекеттин мекемесинин билдирүүсүнө комментарий бербейбиз, бирок ок эскертүүиретинде гана асманга атылган. Тажикстандын жарандарына карата курал колдонгонубуз жок.

Эске салсак, кыргыз-тажик чегиндеги жаңжал жалган курандын он үчүндө башталган. Жаңжалдын себеби такталбаган аймакка салынган айланма жолдун курулушу болгон.

Жаңжалдын натыйжасында бүгүнкү күндө Кыргызстандын үч жараны ооруканада жатат.

Ак-Сай айылындагы балдар жана аялдар коопсуз жайга көчүрүлдү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх