Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы Зеландиянын мечитинде элдерди атууну түз эфирге тартып алышкан (видео +18)

ЖМК 27 жарандын каза болгондугу билдирет. Террористтердин бирөө кармалды

Жаңызеландиялык Крайстчерч жана Линвуд шаарларында белгисиз бирөөлөр ок атышты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМК билдиришет.

New Zealand Herald басылмасынын маалыматы боюнча, ал каргашалуу окуядан 27 киши набыт болду. Мурда ЖМК 9 кишинин өлгөндүгүн кабарлаган эле.

Жергиликтүү New Zealand Herald басылмасына окуяга күбө болгондор Линвуд шаарындагы мечитте атуу болгондугун айтып беришти. Ал жерде 300 чамалуу киши болгон. Европа расасындагы, аскердик күрмө кийип, көз айнек тагынган киши атып кеткен. Ошону менен бирге ал кол салууну онлайн-трансляцию кылган.
Тармактарда ал видео таркаган. Болжол менен бул тасма ошол окуя. Бул материалдын үзүндүсүн «The Australian» басылмасы жарыя кылды.

Гезиттин маалыматы боюнча, аткыч Австралиянын жараны болгон. Ал ультра оң көз караштагы адам болгон. Ал киши кол салуунун алдында 37 беттен турган манифестти жарыя кылган, ал муну өзү жасаган иште атаган.
Полиция бир кишинин кармалгандыгын билдирди, ошол киши тууралуу кеп болобу же жокпу аныкталып жатат.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Джасинда Ардерн бул болгон терактты «Каргашалуу күндөрдүн бири» бири деп атады.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх