Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Кыргызстандын жараны орусиялык кызды зордуктоого катышы бар же жоктугуна түшүндүрмө берет

Тиешелүү кызматтын өкүлдөрү жагдайды түшүндүрүү үчүн Якутияга учуп кетишти

Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын миграция Мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү бүгүн Якутияга учуп кетишет, анткени ал жактан Кыргызстандын жараны орусиялык кызды зордуктаганга жана карактоого тийешеси бар, же жоктугун аныктоо керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирет.

- Биздин жумушчу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү Бүгүн Якутск шаарын учуп кетишет, - дешти андагылар. Эртең тийешелүү органдардын өкүлдөрү менен жоолугушуу болот.

Түшүндүрө кетели, кечээ Якутиянын Комсомольск аянтында, кыз зордуктоо боюнча мигранттарга карата айыптоо болгондон кийин митинг болду. Бул тууралуу «РБК» билдирет. Митингге чыккандар айыптууларды жазага тартууну талап кылышты. Орусия Федерациясынын тергөө комитети «Адам уурдоо» жана «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Басылма жазып чыккандай, полиция кылмышкерди кармаган. Ал Орто Азиянын атуулу экен.

Жергиликтүү ЖМК жазгандарына караганда, кылмышкер Кыргыз Республикасынын жараны деп болжолдонууда. Ушул себептен Vesti.kg сайты маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине кайрылды.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх