Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн бийликтегилер Ак-Сай айылынын тургундарынын өз үйлөрүнө кайтуусун чечишет

Аялдар менен балдар чегара жаңжалына байланыштуу көчүрүлгөн болчу

Аялдар менен балдарды чегарагажакын жайгашкан Ак-Сай айылына кайрадан көчүрүү маселеси бүгүн каралат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз-тажик чегиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кечээ кол коюлду, бүгүн аларды үйлөрүнө кайтаруу маселеси каралат, - деп түшүндүрдү мекемедегилер.

Эске салсак, жалган курандын он үчүндө Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чегинде тургундардын ортосунда жаңжал чыккан. Жаңжалдын себеби Ак-Сай - Тамдык автожолунун курулушу болгон.

Чегара аймагында жашаган Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары бири бирине таш атышкандыгы билдирилет.
Ошондой эле кыргызстандыктардын үчөө жаракат алган, алардын бири милиция кызматкери.

Жалган курандын он төртүндө Ак-Сай айылынын жаш балдары менен аялдары коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх