Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Якутск шаарынын мэри мигранттарга карата «согуш» жарыялады

Коомдук тамактануучу жайларды пландалбаган текшерүүлөр күтөт

Сардана Авксентьева шаардыктар менен жоолугушту, алар Кыргызстандын жараны зордуктады деген кыз үчүн ачууланып жатышат
Якутск шаарынын шаардык округунун башчысы Сардана Авксентьева коомдук тамактануучу жайларга, соода түйүндөрүнө пландалбаган текшерүү кылганы жатат. Максаты мигранттардын арасындагы мыйзам бузуучулукту аныктоо.

Бул туурасында Якутск шаарынын мэри социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды, анда жергиликтүү зордукталган аял үчүн болгон шаардыктардын нааразычылыгы айтылган. Кылмышка Кыргызстандан келген мигрант айыпталууда.
Авксенкьеванын чыгарылышында төмөнкүлөр айтылат:

(автордун орфография жана пунктуациясы бузулбай сакталды)

«Кечээ кечинде Якутс шаарынын «Триумф» спорткомплексиндеги жергиликтүүлөрдүн чогулушуна катыштым.

Шаардыктар жана жакынкы райондордун жашоочулары келишип, өткөн жекшембиде якут кызынын зордукталганына нааразычылык билдиришти. Кылмышка шектүү - Кыргызстандын жараны, тергөө амалдары жүрүп жатат, бирок Якутскидеги кыргыз диаспорасы болгон иш боюнча кечирим сурады. Күнөөлүү мыйзам боюнча жазага тартылышы керек.

Мен өз сөзүмдө спорткомплекске чогулган миңдеген адамдардын көңүлүн мыйзамсыз жана көмүскө бизнеске бурдум, анткени ал коррупциянын өнүгүшүнө, кылмышка шарт түзүп, ал гана эмес жеке адамдарга каршы болуп жаткандыгын айттым. Ал адамдар жоопко тартылбай, миграция, салык жана эмгек кодекстери бузулуп жаткандыгын айттым.

Чогулгандар менин коомдуктамактануучу жайларды, соода түйүндөрүн, такси кызматын салык, миграция, санитардык-эпидемиологиялык жана жана башка мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүү тууралуу сөзүмдү колдоого алышты.

Биз мындай мыйзамсыз экономикалык катмардагы ишкер сорөйлөрдү бут алдыбыздан тазалоо менен таза эмес этникалык бизнестен кутулуп , бул маселеде белгилүү бир тартип орното алабыз.

Өлкөдө, республикада, шаарда чыныгы кожоюн кудум ушундай укуктук жана экономикалык ыкма менен аракет жасайт. Ооба, «кылмышкердин улуту болбойт» деп кыйкырышат бийик трибуналардан. Мен да ал сөздөргө кошулам. Бизге келген башка өлкөнүн жарадары, анын үстүнө жеңилдетилген режим менен иштеп жатышкандар биздин РФ мыйзамдарын сактоо менен бирге көп улуттуу Орусиянын аймактарындагы нормаларды да сактоого тийиш. Алар ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн келишимдери аркылуу келип жатышат. Кимде ким бизнесин мыйзамдуу түрдө кылып, жергиликтүү элдин маданиятын сыйлап, Орусиянын мыйзамын сактаса алардын корко турган жери жок», - деп жазат ал.

Түшүндүрө кетели, мурда Якутск шаарында акция болуп өткөн. Анткени алар иштеген азык-түлүк дүкөнүнө белгисиз бирөөлөр кирип, коркутуп, күч колдонуп, иштебегиле деген талапты коюшкан. Алар Кыргызстандын жарандары болчу. Айрымдары дүкөндү талапкетишкен. Болгон окуянын баары телефонго тартылып алынып, социалдык тармактарга таркатылган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх