Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги криминалдык кагылышуу: УКТ мүчөсүн уурдаган тасма элге жарыя болду (видео)

Милиция «Чыңгыз Дөө» деген каймана аты бар кылмышкерге издөө жарыя кылды

Көчөнү байкоого алган камерага өлөрчө сабалган УКТ мүчөлөрүн машинага сүйрөп салгандары түшүп калган. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.

Видеотасма бүгүн тармактарда таркады. Кадрдан төрт кишинин сүйлөшүп тургандыгын жана андан алысыраак турган башка да адамдарды көрүүгө болот. Бир аз убакыттан соң эки киши маектештерине кол салат.


 

Vesti.kg сайты Кыргызстандын ИИМ маалымат кызматына кайрылып, бул баягы кечээ мушташтан өлгөн эки кишинин видеотасмасыбы деп сурады. Анткени монитордо тасманын тартылган датасы 2017-жыл деп жүрөт.

Ички иштер Министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов видеоматериал тергөө бөлүмү тарабынан текшерилип жаткандыгын айтты.

- Бул кылмышка шектелип 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилди, - деп жооп берди ал.
- Алар азыр көрсөтмө берип, жаңжалдын кантип жана кайда болгондугун айтып берип жатышат. Азырынча ал тасманын бул кылмышка тийешеси бар же жоктугу белгисиз.

Милициянын маалыматы боюнча, Аламүдүн районунун Кашка-Баш айылында Audi C6 маркасындагы автоунаа табылган, ал ооруканада жан берген УКТ мүчөлөрүнүн бирине тийешелүү болгон. Автоунаанын салонунан кандын тактары, Макаров тапанчасы эки магазини менен, дүрбү жана уюлдук телефон табылган.

Андан сырткары, УКТ мүчөсү Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыяланды. Аны кылмыш дүйнөсүндөгүлөр «Чыңгыз Дөө» деп аташат. Болжол менен ал кол салууну уюштурган. Чыңгыз Жумагулов мурда «Бейбаштык», «Кылмыштуу коомду тузүүгө катышуу», «Өлтүрүүгө аракет кылуу», «Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу» беренелери менен күнөөлүү деп табылган.
Жумагуловдун быйыл бирдин айында көчүрмө абакка которулгандыгы белгилүү.

Эске сала кетели, кечээ түндө ордо калаанын төрөт үйлөрүнүн биринин жанында өлөрчө сабалып эстен танган эки эркекти табышкандыгы белгилүү болгон.

Укук коргоочулар өлөөрчо сабалган кишилер уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМ эсепте тугандыгы билдиришти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх