Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ «Дөө Чыңгыз» эмнеге УКТ мүчөсүн өлөрчө сабагандыгын азырынча ачык маалымдабайт

Кримтөбөлдүн кылган иши иликтөөнүн сыры боюнча кала берет. Ал ортодо Чыңгыз Жумагулов эки айга тергөө абагына киргизилди

Кылмыш чөйрөсүнө «Дөө» деген каймана ат менен белгилүү болгон кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов УКТ эки мүчөсүн өлөрчө сабаганга шектелип СИЗО-1 киргизилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМ маалымат кызматы билдирди.

Бишкектин Биринчи май райсоту ага 2 айга камакка алуу бөгөт чарасын көрдү, - деп маалымдады милициядан.

Ошону менен бирге ички иштер Министрлиги азырынча кылмыш чөйрөсүндөгү жаңжалдын себебин айтуудан азырынча баш тартат.

- Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бул маалыматтар билдирилбейт, сотко чейинки териштирүү иштери аяктаган соң чоо жайын айтып беребиз, - деп жооп беришти ИИМ.

Эске салсак, өлөсөлүү болуп сабалган УКТ мүчөлөрү чын курандын онунда ордо калаабыздын төрөт үйлөрүнүн биринин аймагынан табылган. Экөө тең ооруканада каза болду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх