Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары: Улан «Сакалдын» тарапташтары да, таасирдүү чөйрөсү да жок

Камчы Көлбаев менен Улан Токтосуновдун ортосунда кылмыш согушунун башталгандыгы тууралуу кеп таркады. «Чыңгыз Дөөнүн» кармалышынын чоо жайы

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов менен УКТ өлөрчө сабалган эки мүчөсүнүн ортосунда жеке келишпестиктер болгон. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына кылмыш милициясы кызматынын башчысынын орун басары, ИИМ кылмыш милициясы Кызматынын 3-башкармалыгынын начальниги Азамат Токтоналиев айтып берди.

Анын айтымында, каза болгондор И.А. жана У.А. Улан Токтосуновдун (Сакал) УКТ мүчөсү болгон эмес, бул тууралуу айрым ЖМК жазып чыгышты.

- Камчы Көлбаевдин УКТ менен Улан Токтосуновдун ортосунда ЖМК жазгандай каршылыктар жок, - деп ынандырат ал. - Каза болгондор Токтосуновго эч кандай тийешеси болгон эмес, алар жөн гана жердеш болушкан.

Ошону менен бирге Токтоналиев Ильяс А. соттогон кримтөбөл Улан «Сакал» менен тааныш болгон деп түшүндүрдү.

- Аны Улан Токтосуновдун уулу дешчү, бирок чындыгында Ильяс Уланды иничек дечү, анткени улуу эле, - дейт ИИМ КМК начальнигинин орун басары. - Бүгүнкү күндө Улан Токтосуновдун тарапташтары да, таасирин тийгизген чөйрөсү да жок экендигин белгилей кетүү керек. Өлгөн адамдар менен Чыңгыз Жумагуловдун келишпестиги качантан бери эле бар болчу.

Токтоналиев каза болгондордун бири - Ильяс акыркы бир нече жылдардан бери кылмыштуу иштерде байкалып жүргөн. Ал эми өлөрчө сабалган экинчиси - Урмат каракчылык үчүн бир жолу соттолгон болсо да, УКТ мүчөсү болгон эмес.

Ошону менен бирге Азамат Шейшенбекович Vesti.kg сайтына Бишкекте «Чыңгыз Дөөнүн» кармалышынын майда баратына чейин айтып берди.

- Ошол күнү милицияга түнкү саат 12де коңгуроо болду, - деп кебин баштады ал. - Биз дароо эле өлгөндөр менен мамиледе болгон адамдардын тизмесин түздүк.
Биринчи эле шектүү Чыңгыз Жумагулов болду. Бизге анан кай жерде жашаганы, кайда түнөгөнү жана кайсы мечитке барганы тууралуу маалыматтар бар болчу. Биз биринчи күнү эле эки шектүүнү кармадык, кийинки күнү болсо Чыңгыз Жумагуловдун өзүн кармадык. Бул киши өлтүрүүгө чейин Жумагуловго карата анын байланыштары жана кылмыштуу ишмердүүлүгүнө карата көзөмөл иштерин кылып турчубуз. Ушул себептүү кылмыштын бети аз убакытта ачылды.

Тотоналиев шектүүлөрдү кармоодо милиционерлерге «Коопсуз шаардын» камераларынын жардамы тийгендигин баса белгиледи.

- Бизге камералар жардам бергендигин белгилей кетишибиз керек. «Коопсуз шаардын» камераларынын жардамы менен биз Жумагуловду жана анын балдарынын турган жерин аныктадык, - деп түшүндүрдү ал. - Биз Чыңгыздын кай жерде пайда болоорун билгенбиз, ыкчам аракеттин атайын бөлүкчөсүнүн кызматкерлери менен бирдикте шаардын аймагындагы 20 дарек боюнча позиция алдык.

Белгилүү болгондой, «Чыңгыз Дөө» Исанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде кармалды.
- Ал жерге бирөө менен жоолугушканы бармак Чыңгыз, биз күткөндөй болуп чыкты, - деп сөзүн аяктады ал.

Эске салсак, чын курандын онунда түнү өлөрчө сабалган эки киши эс учун жоготкон абалда борбор шаарыбыздын төрөт үйлөрүнүн биринин жанынан табылган. Кийинчерээк экоо тең ооруканада каза болуп калышты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, сабалган кишилер уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМ эсепте турган.

Бул кылмыш ишине шектүү деп эки киши жана кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх