Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ КМК кримтөбөл Алмаз Бокушевдин чет өлкөгө учуп кеткендигин ырасташты. Бирок Дубайга кеткен жок

Бирок анын сапары Камчы Колбаев менен болгон жаңжалга байланыштуу эмес

Кримтөбөл Алмаз Бокушев азыр Кыргызстанда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына кылмыш милициясы Кызматынын начальнигинин орун басары, ИИМ КМК 3-башкармасынын башчысы Азамат Токтоналиев билдирди.

ИИМ КМК башчысынын орун басарынын айтымында, Бокушев чындап эле олкөдөн сырткары чыгып кеткен, бирок айрым ЖМК таркатып жаткан Дубайга кетти деген маалымат чындыкка коошпойт.

- Алмаз Бокушев Түркияга байма бай каттап турат, - деп тушүндүрдү Токтоналиев. - Анын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөрү бар. Биз анан кайсы эмканадан текшерилгендигин аныктадык. Жакында, жыйырмаларында ал эки жумалык дарылануудан соң Кыргызстанга кайтып келди.

Түшүндүрө кетели, айрым ЖМК жана социалдык тармактарда Алмаз Бокушевдин «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен болгон жаңжалына байланыштуу Кыргызстандан чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтар чыгып кетти. Анткени менен Токтоналиевдин маалыматтары боюнча, экөөнүн ортосунда тирешүү жок.

- Азыр Бокушев таасир кылчу чөйрө дээрлик жокко эсе, анын Көлбаевдин УКТ менен болгон жаңжалы тууралуу маалымат жалган, - деп тактады ИИМ КМК 3- башкармалыгынын начальниги.
- Алмаз Бокушев Кара-Балтаны 2000-жылдарга чейин эле «көзөмөлдөчү», ал мезгилде анын командасында спортчулар бар болчу. Ал ошол учурда маркум Рыспек Акматбаев менен араздашып жүргөн. Бирок ал азыр үй бүлөсү жана ден соолугу менен алек.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх