Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте тайкеси 9 жаштагы жээнин машинага байлап сүйрөткөн

Баланын апасы Орусияда иштеп жүөт. Өспүрүм жаракат алды

Бишкек шаарынын четинде тайкеси 9 жашар жээнин машинага байлап алып сүйрөткөн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ маалымат кызматы билдирди.

- Чын курандын жыйырма жетисинде саат 8:00 Бишкектин Биринчи май ИИБ «Алтын Казык» турак жай конушунда бир киши баланы уруп жатат деп кабар келди, - деп түшүндүрдү мекемедегилер. - Дароо эле ал жакка Биринчи май райондук ИИБ ыкчам иликтөө тобу жөнөп кетти. Ал жерге барганда, «Алтын Казык» турак жай конушундагы жеке менчик үйлөрдүн биринде Ж.К. аттуу 2010-жылы туулган жаш баланы 1986-жылы туулган Б.С. аттуу тайкеси сабагандыгы аныкталды. Ал жээнин зым менен БМВ маркасындагы машинасына байлап туруп, бир нече метрге чейин сүйрөтүп салган.

Милициядагылар баланы тез арада №3 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилгендигин билдиришти. Тайкеси Б.С. кармалды. Тийешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

- Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, баланын апасы азыр Орусияда иштеп жүрөт, атасы жок, - деп айтышты БИшкек ИИМБ. - Баланы туугандарына карап тургула деп калтырып кеткен. Учурда болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш аракеттери болуп жатат. Бул факт кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү рееестрине катталып жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266 беренесинин (Бейбаштык) алкагында сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх