Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камакка алынган МКК төрагасынын орун басарын үй камагына чыгарышты

УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген Русланбек Сарыбаевге бөгөт чарасы көрүлдү

Камакка алынган МКК төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Super.kg» МА билдирет.

Белгилүү болгондой, чын курандын он жетисинде Биринчи май райондук соту Мамлекеттик каттоо кызматынын үч кызматкерин эки айдан камакка алган. Бирок чын курандын жыйырма алтысында Бишкек шаар соту ал чечимди өзгөртүп, МКК төрагасынын орун басарын камактан чыгарды.

Мамлекеттик каттоо кызматы чын курандын жыйырма алтысында Русланбек Сарыбаевдин апасы каза болгондугун билдирди. Ал өмүрүнүн акыркы жылдары онкологиялык оору менен жабыркап жүргөн.

Эске салсак, мурда Vesti kg сайты камакка алынган «Инфоком» МИ жетекчилери жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери тендер уюштуруудагы мыйзам бузууларга айыпталууда. Ошентип, «Инфокомдун» директору Талант Абдуллаев, Мамкаттоонун статс-катчысы Данияр Бакчиев жана МКК төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаевдер УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх