Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусундагы айыл тургундары балдарды уурдоого шектеп, кулагы укпаган майыптарды ур-тепкиге алышты (видео)

Милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат

Ош облусундагы айылдардын биринин жашоочулары жаш балдарды уурдашууда деп шекшип, үч адамды кармап алышкан. Окуянын видеосу Facebook социалдык тармагында тарап жатат.

Кармалган адамдар колдорун жаңсап, эмне болгондугун түшүнбөй жатышканын түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок, жергиликтүү жашоочулар аларга ишенбей, ур-тепкиге алышкан.

Ачуусу келген айылдыктар бул кишилер айылга балдарды уурдоо үчүн ушуну менен экинчи ирет келишкендигин айтып: «Алар калп эле укмаксан болуп жатат, чынында алар дүлөй эмес», - деп айыпташкан.

Ош облусунун ИИМи Vesti.kg сайтына окуя чындыгында эле Кыргызстандын түштүгүндө орун алганын тастыктап, бул боюнча толук маалыматты кийинчерээк алса болоорун кошумчалады.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх