Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин иши боюнча дагы үч киши кармалды

Маалым болгондой, кармалгандардын бири - Саламаттыкты сактоо министрлигин өкүлү

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна катышы бар делип дагы үч киши кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы булактар маалымдады.  

Белгиленгендей, камалгандардын арасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматчысы бар.

- Сотко чейинки өндүрүш алкагында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) эки дарыгери, анын ичинде мекеменин медкызматынын мурдагы башчысы, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү кармалды, - деп ишенимдүү булактар кабарлашты.

Кээ бир маалыматтар боюнча, кармалган ЖАМКнын медкызматынын мурдагы башчысы болуп А.Асанов саналат.

Ал ортодо ЖАМК Vesti.kg сайтына Асанов азыркы убакта пенсияда экенин маалымдады.

- Ал чынында эле медкызматты жетектеген, бирок азыр пенсияда. Анын камалышы туурасында бизде эч кандай маалымат жок, - дешти мекемеде.

Эскерте кетсек, аталган кылмыш иши боюнча буга чейин дарыгер-онколог Эмил Макимбетов жана дагы бир адис кармалган эле.

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх