Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кафенин администратору кардардын жаагын сындырып салды (сүрөт)

«Кыздарга менен сүйлөшүп, таанышуу үчүн биринчи андан макулдук сураш керек экен»

Бишкектин тургун Исмар Сулейманов социалдык тармактар аркылуу аны шаардык кафелердин биринде мекеменин администратору ур-токмокко алганын кабарлаган.

«Киевский менен Раззакованын кесилишиндеги «Кафеде» 30-апрель күнү кечки саат 11де болуп өткөн акылга сыйгыс окуяны айтып бермекчимин - деп автор билдирүүсүн баштаган. - Аталган жайдын администратору мас абалында байкатпай мени чаап жибергенинен, менин баш мээм чайкалып, жаагым сынып кеткен».

Жабырлануучунун айтымында кафенин Бакыт аттуу администратору аны суроолорум бар эле деп түшүндүрүп, өзү менен кошо эшикке чыгуусун суранган.

«Мен ал программалоо же ушул сыяктуу жөнүндө сурайт го дегем, биз программистпиз да, - деп жазган Сулейманов. - Бул кафеге мен 4 жылдан бери келип жүргөм, иштегендердин көбүн тааныйм, учурашам, албетте, тиги менен деле учурашчумун. Мен эмне менен алектенээримди да баары билишет. Эшикке чыккандан кийин ал дароо катуу үн менен сөгүнүп-сагынып баштады. Айтымында биз пайдасыз кардар экенбиз, кызматчылар менен кыздарга тийишет экенбиз. Бирөө менен сүйлөшүп, тийишерден мурда андан макулдук сурашыбыз керектигин айтып жатты».

Автордун сөзү боюнча андан кийин экөө айтышып кеткен да, кафенин администратору аны чаап жиберген.

«Болжол менен 20 мүнөттөн кийин өзүмө келдим, ага чейин досторума телефон чалган экем, ал деле эсимде жок, досторум милиция чакырышыптыр, - дейт жабырлануучу.


- Милиция кызматкерлери келгенде ал жерде иштеген кызматчы кыз мени күндүз саат 3тө эле кафеге сабалган абалда келген деп калп айта баштады. Албетте, мен дароо чогуу отурган балдарга чалдым, алар кыздын сөзүнө айран-таң болушту. Досторума чалгандан кийин ал кыз бул сөзүнөн кайра тана баштады».

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматы Vesti.kg сайтына Первомай районун ИИБне С.И аттуу жарандан 30-апрель күнү «Бургер хаус» кафесинен ага денесине зыян келтиришкенине байланыштуу арыз келип түшкөнүн маалымдады.

- Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды, - деп милицияда билдиришти. -Бейбаштык фактысы боюнча териштирүү башталды.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх