Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында автоинспектор тапанчасын жулуп албасын деп эркек адамды түртүп жиберген (видео)

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы чыр көчөдөгү тыгындан улам келип чыкканын билдирди

Ош шаарында автоинспектор эркек адам менен урушуп, аны түртүп жиберген. Окуяны видеого тартып алган күбөлөр инспектордун экинчи айдоочунун түртүп жибергенин айтышкан.

Түштүк калаанын ЖККБнын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына окуя 8-май күнү Ленин менен Мамажанов көчөсүнүн кесилишинде болуп өткөнүн маалымдады.

- Ал күнү көчө оңдоп-түзөөдөн кийин жаңы ачылып, шаардын мэринин келиши күтүлүп жаткан, милиция кызматкерлери буга байланыштуу тийиштүү коопсуздук чараларын көрүп жатышкан, - деп түшүндүрүштү мекемеде. - Ленин - бир тараптуу көчө. Маршруттук автобустун жолун каршы тилкеге чыгып кеткен Hyundai Porter автоунаасы тороп калган. Бул анча-мынча тыгынга алып келген. Ошол учурда маршрутканын ичиндеги бир жүргүнчү чыгып, Porterдин айдоочусу жана автоинспектор менен урушуп баштаган.

Басма сөз кызматында тартип коргоочунун табелдик мылтыгы болгонун жана аны тартып албасын деп эркек кишини түртүп жибергенин кошумчалашты.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх