Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта шаардын мэри Айдар Жузупбековго кол салышты

Ал адам машинанын терезесин талкалап, аткаминердин бетине чапты

 

Талас шаарынын тургуну жергиликтүү мэр Айдар Жузупбековго кол салды. Бул тууралу Vesti.kg  сайтына Талас облустук ИИБнын маалымат кызматынан билдиришти.

 

Окуянын ушул жылдын 10-июнунда болуп өткөндүгү кабарланууда.

 

- Шаар башчысына кол салган мыйзамсыз көмүр саткан адам болгон, дешти милициядагылар. - Мурда ага бир канча жолу сооданы токтотуу тууралу айтылган, бирок, ал дайыма аны капарына албаган, ошого байланыштуу мэр өзү келген.

 

Облустук ички иштер башкармалыгынан, ал адамдын Жузупбековдун машинесинин терезесин таш менен талкалап, мэрдин бетине чапкан деп айтышты.

 

- Мэр жаракат алган эмес, - деп кабарлашта укук коргоочулар. - Ал адам кармалган жана УКЖна киргизилген. Кийинчерээк, Талас шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

 

Аталган факты боюнча «ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www   





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх