Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККБ: АКШ элчилигинин кызматкери Бишкекте жөө  жүрүүчүнү машинасы менен сүзүп кеткен

Иштин материалдары шаардык ИИБ ЖТО боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилген

АКШ элчилигинин аял кызматкери 22 жаштагы жөө жүрүүчүнү машинеси менен сүзүп кеткен. Бул тууралу, Vesti.kg сайтына шаардын ЖККК башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, бул иш 18-июнь күнү саат 17:30 чамаларында болуп өткөн.

- 51 жаштагы М.К. «Лексус RX350» маркасындагы автомашинасы менен Ч.Айтматов көчөсүндө түндүк багытта баратып, «Манас» кинотеатрынын маңдайында жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен, - деп ал жактан билдиришти. -Топтолгон  материалдар шаардык ИИБ ЖТО боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, мурдараак АКШ элчилигинен Vesti.kg сайтына алардын кызматкери жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткенби, жокпу, теришитирип жатышкандыгын билдиришкен.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх