Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда жергиликтүү кеңештин депутатын көңүлдөшүнүн мурдагы күйөөсү сабап салды 

Жабыр тарткан ажырашууга себеп болгон адам ооруканага жаткырылган 

Чүй облусунда бир киши аялынын көңүлдөшүн сабап салды. Бул тууралу аймактын ИИББнын маалымат кызматы кабарлады. 

Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, окуя ушул жылдын 24-июнунда Төмөнкү - Чүй айылында болгон. 

- А.Т. аттуу жергиликтүү жашоочу милицияга арыз менен кайрылган, - деп Чүй облусунун ИИББнан кабарлашты. - Ал түрдүү жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген 48 жаштагы Ж.А. аттуу атасынын денесине жаракат келтирген адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Ал арада укук коргоо органдарындагы булактардын Vesti.kg сайтына кабарлаганына караганда, жабыркаган адам, же болбосо, кармалган адамдын аялынын көңүлдөшү, жергиликтүү кеңештин депутаты болот.  

Аталган факт КР КК 266-беренеси (ээнбаштык) менен кылмыштын белгилери боюнча КЖБРнин АМСна катталган. Сотко чейинки өндүрүш башталды..

- Аталган кылмышка шектүү катары 38 жаштагы М.З. аттту жергиликтүү тургун кармалды, - деп милициядан кабарлашты. - Сурактын жүрүшүндө ал 4 ай мурдараак аялынын жабыркаган адам менен байланышын байкап, жыйынтыгында аялы менен ажырашкан. Үй - бүлөлүк көйгөйлөргө байланыштуу эки жергиликтүү тургундун ортосунда 4 айдан бери чыр болуп келген. 24-июнда саат 19:30 чамаларында айылдын көчөлөрүнүн биринде бири - бири менен жолугушуп, ортодо сөгүшкөнгө чейин барышкан. М.З. Ж.Анын денесине жаракат келтирген. 

Кармалган жаран Сокулук районунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Керектүү болгон бардык соттук - экспертизалар дайындалган. 

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх