Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек-Торугарт трассасында «Коопсуз шаар» камерасын аткылашты 

Милиция бытыра менен аткан куралдын ээсин издөөдө. Чүй ИИББнын жетекчилиги бул иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алды

«Коопсуз шаар» камерасын бытыра менен аткан куралдан аткылашып, ага зыян келтиришти. Бул тууралу Vesti.kg сайтына окурмандар айтып беришти. 

Алардын айткандары боюнча, сөз айланма жолдогу стационардык АПК тууралу жүргөн. Чүй ИИББнын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына бул маалыматты тастыкташты. Алар айткандай, Аламүдүн районунун ИИБнө билдирүү бүгүн саат 10:56да келип түшкөн. 

Ыкчам тергөө тобунун курамында Чүй облустук ИИББ менен Аламүдүн районунун ИИБнүн жетекчилиги окуя болгон жерге бирге барышкан. 

 Бишкек-Торугарт автожолунун 10 километринде ылдамдыкты жогорулатып айдаган фактыларды тартуу үчүн дайындалган зыян тарткан видеокамераны табышкан. ИИББнын маалыматы боюнча ага белгисиз куралдан аткылашкан. 

«Аталган факт Аламүдүн райондук ИИБ КЖБРнин АМСда катталган, - деп басма сөз кызматынан билдиришти. - Сотко чйинки иликтөөлөр башталды. 

Аламүдүн РИИБнүн Тергөө кызматы мүлктү зыянга учуратканга тийиштиги бар адамдарды тактоого жана кармоого багытталган комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Керек болгон экспертизалар дайындалып, жергиликтүү жашоочулар суралууда».

Чүй ИИББнын жетекчилиги бул иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алды.

Ольга Федорчук

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх