Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык - Көлдө баланын сүннөткө олтургузгандан кийин өлүмү. Врачты кызматтан четтетишти 

 Бул үрөйдү учурган окуядан кийин сотко чейинки өндүрүш башталган

Сүннөткө олтургузуу учурунда балага анестезия берген врач, кызматынан убактылуу четтетилген. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Ысык - Көл облустук ИИБнын маалымат кызматынан билдиришти. 

- Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги ички текшерүүнү жүргүздү, - деп билдиришти милициядан.  - Балага оперция жасаган врач, кызматынан убактылуу четтетилген. Аталган факт Ысык - Көл районунун ИИБүндө  ККБРинде катталган. 

ИИБнын маалыматы боюнча КР Кылмыш кодексинин 152 - беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сүннөткө олтургузуу боюнча операция 2019-жылдын 9 - июнунда Ысык - Көл районунда болгон. Баланын атасы балада фемоз болгондуктан, анын небересине анестезия жасоону талап кылган. Кийинчерээк билингендей, бала анафилактикалык шокко - наркозго аллергиялык реакцияга кабылган. Анын жыйынтыгында бала операция столунда көз жумган. 

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх