Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянованын инисинин өлтүрүлүшүндө саясий мотив болушу мүмкүн

Улан Саляновдун өлтүрүлүшүнө шектелген башкы шектүүнү Кыргызстанга экстрадициялоо кандай өткөнүн ИИМде айтып беришти

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлтүрүлүшүндө саясий мотив бар деген алдын ала шектенүүлөр каралып жатат. Бул тууралу КР ИИМнин маалымат кызматы билдирет. 

Аталган иш боюнча негизги шектүү Асанэмир Абыкуловду экстрадициялоонун видеосун аталган мекеме элге жарыялады. 

«2019-жылдын май айынын акыркы числолорунда аба транспорту менен Москвадан Бишкекке Абыкулов Асанэмир аттуу жаран, 1983-жылы туулган, Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну этап менен жөнөтүлгөн. Аны атайын конвой менен ИИМ СКМдин кызматкерлери алып келишти», - деп айтылат КР ИИМнин билдирүүсүндө.  

Эске салып кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрынын түнүндө, маскачан үч белгисиз адамдар Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар кичи конушунда жайгашкан үйгө киришкен.

Комнаталардын биринен зөөкүрлөр үйдүн ээси Улан Саляновго пистолеттен ок атышкан, андан кийин кылмыш болгон жерден качып кетишкен. 

Ок атуудан алынган жаракаттан улам Салянов ооруканага жетпей жолдо каза болгон. 

Аталган факт Аламүдүн районунда катталып, Кыргыз Республикасынын КК (эскиси) 97-беренесинин 2-бөлүгү боюнча «Адам өлтүрүү» кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишин андан ары иликтөө ИИМнин Тергөө кызматына жүктөлгөн. 

2017-жылдын ноябрынын аягында клмышка шектүү катары Чүй облусунун тургуну, 1986-жылы төрөлгөн Э.Осмонкулов аттуу жаран кармалган, ал ээнбаштык, карактоо жана уурулук боюнча мурда бир нече жолу соттолгон. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Осмонкуловго кылмышка баргандыгы үчүн жалпы аяккы айып коюлган.

Тергөөнүн материалдары сотко өткөрүлгөн. 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх