Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жаткыла!». Баткенде атайын куралчандар маичилердин колдорун кайрып, бети менен жерге жаткызышты (видео+18) 

Инспекторлордун кызматтык машинесинде ишкерлерден доолап алган акчалар табылган 

Баткен облусунда, Сох анклавында (Фергана облусунун району) Кадамжайдагы чек арадан өтүп баратышкан маичилерди кармашкан. Түйүндө тийиштүү видеону таркатышкан. 

Этият болуңуздар, видеодо сөгүш түрүндөгү лексика колдонулат! 

Vesti.kg сайты, алдын -ала маалыматтар боюнча кызматкерлери  атайын операцияны жүргүзүшкөн ЭКККМКнын маалымат кызматына кайрылды. Бирок, редакцияга аталган мекемеден жоопту убагында алууга мүмкүн болбоду. 

Ал арада укук коргоо органдарындагы жеке булактарыбыз  Vesti.kg сайтына ЭКККБМК ИИМ ИИК менен биргеликте өткөн жумада маичилерди кылмыш үстүндө кармашкан, - деп кабарлашты.  

- Баткен жана Лейлек райондору жана Сүлүктү шаары боюнча ЭКККМКнын райондор аралык бөлүмү ИИМнин ИИКы менен биргеликте 27-июнда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай райондук ИИБ боюнча ЖКККБ АП боюнча улуу жана кичи инспекторлору «К.М.» жана «К.С.»тер кармалышкан, - деп кабарлашты булактарыбыздан. - Аталган факт КББРине КР ККсинин  325-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (Пара алуу) катталган. 

Ал арада кармалгандардын кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жана ишкерлерден үзгүлтүксүз акча доолагандары тууралу белгилүү болду. 

- Көрсөтүлгөн кызмат адамдары, өздөрүнүн кызмат абалдарынан пайдаланышып, Өзбекстандан Кыргызстанга жүк ташуу кызматын көрсөткөн ишкерлерден үзгүлтүксүз акча талап кылышып келишкен, - деп түшүндүрүштү укук коргоо органдарынан. - Кызматтык машиналарын тинтишкенде акчалар табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. 

Медина Купсулдаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх