Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атыраудагы кен иштеткен жерде массалык  чатак чыкты: 45 жаракат алгандардын ичинен 4ү казакстандык

Казак Республикасынын бийлиги бул чууга катышкан казакстандыктарга куугунтуктоо болбойт деп кепилдик берет 

Казакстандын Атырау облусунун Тенгиз кениндеги массалык мушташтан кийин медпунктка кеминде 45 адам кайрылган деп билдирет Vesti.kg сайтынын кабарчысы. 

«Булар негизинен ССЕР компаниясынын кызматкерлери, бирок, компаниянын башка кызматкерлери да бар. Ал жерде бир улуттун эле өкүлдөрү болгон эмес - алардын ичинде төрт казакстандык да болгон. Жабыркаган 45 адамдын 22сине медициналык жардам көрсөтүлдү. Аларды Атырауга алып кетишти», - деп Энергетиканын  вице - министри Махамбет Досмухамбетов журналистерге айтып берди. 

 Анын ишендиргендери боюнча, ал түндө гана Атырау облусунан кайтып келген жана бир дагы адам ооруканада калган эмес. 

«Бардыгы керектүү жардамдарды алышты. Дарылоого узак убакытты талап кылган денеге жаракаттар болгон эмес. Алар керек болгон биринчи медициналык жардамды алышып, мен билгенден, саламаттыктары жакшы», - деп кошумчалады ал.

 Досмухамбетов экспаттардын депортацияланышы тууралу маалыматты четке какты. 

 «Эч ким атайын эч кимди чыгарып жибербейт. Абал туруктуу. Дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү Атырау облусунун акими менен жолугушту. Албетте, кызматкерлердин коопсуздугу менен ким алектенет деген коркунуч менен кайгыны баштан өткөрүү бар, деди ал. 

 Бүгүнкү күндө «Consolidated Contracting Engineering &Procurement S.A.L. Offshore (CСЕР)»  компаниясында 11 миң адам иштейт, алардын ичинде орточо 600 - чет элдик кызматкерлер. 

 «Өз каалоосу менен иштен кеткендер жөнүндө билбеймин. Бирок, жумушчулардын бир бөлүгү - чет элдиктер тынчсызданып  жана коркуп жатышат. Куруучулардын кимдир -бирөөлөрүнүн, мүмкүн, Казакстанда калышына тыюу салышат, биз кепилдик бере албайбыз.  Же болбосо, биз бирөөнү атайын иштен кетирбейбиз», - деп ишендирди вице-министр.

 Маханбет Доммуханбетов «ээнбаштык» беренеси боюнча полиция тарабынан кылмыш иши ачылгандыгын кабарлады.

 «Окуя териштирүүнү талап кылат. Мен эмнени так билемин: бул адамдарга компания тарабынан (күнөөсү тастыкталбаган чуунун катышуучуларына, - Vesti.kg сайтынын эск.) эч кандай куугунтук болбойт, -деп сөз берди ал. 

Эске салсак, Атырау облусунун «Тенгизшевроил» ТООсунун бир жарым миңге чукул казакстандык жумушчулары Күлсары шаарына жакын калк жашаган пунктта чет элдиктер менен уруш чыгарышкан. 

 Ага себеп, чет элдик кызматкер Эли Дауддун социалдык түйүндөргө жайгаштырылган кыз менен адепсиз түшкөн туура эмес сүрөтү болгон. Аны ошол эле замат кызматтан кетиришкен. Эртеси күнү чет элдик кызматкерлердин арасынан казакстандык жумушчуларга карата экспат кесиптешинин кызматтан кеткендигине байланыштуу эмгек тартибин күчөтүү тууралу айтышкан. Ушул нерсе чырдашуунун аяккы чекити болуп калган.

 Айнур Коскина 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх