Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Куткаруучулар эки күндөн бери өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси ичинде болушу мүмкүн делген жоголгон автомашинаны издешүүдө

Алдын ала маалыматтарга караганда, автомобиль дарыяга кулаган 

Суусамыр өрөөнүндө үй-бүлө балдары менен түшкөн машина жоголду. Бул тууралу Чүй облусунун ИИББнын маалымат кызматы билдирди. 

- 30 - июнда Суусамырда  Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесин майрамдоо учурунда милиция кызматкерлерине жолдон өтүп кетип жаткан адамдардан Көкөмерен дарыясына автомобиль кулагандыгы тууралу маалымат  түштү, - деп милициядан билдиришкен. - Ал жерге Жайыл районунун ИИБнүн тергөө - ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Алар ал жерге келгенден кийин, ошол жерде болгондор сураштырылган. 

Аталган факт Жайыл райондук ИИБнүн ККБР АМСына катталган, керек болгон тергөө - ыкчам иш - чаралары жүргүзүлүүдө. Жеринде КР ӨКМнин кызматкерлери иштеп жатышат. 

- Кийинчерээк, 102 линиясы менен ошол күнү Ат - Башы айылынан таңкы саат төрттөрдө ак түстөгү автомашина чыгып жөнөгөндүгү жана жоголгондугу кабарланган, - деп кошумчалашты мекемеден. - Аталган билдирүү да ККБРине катталган. 

Аны менен бирге, ӨКМнин маалыматы боюнча, ал жерде 93 куткаруучу жана жоголгон адамдардын 20дай туугандары иштеп жатышат.

- Машинада канча адам болгон, азырынча белгисиз, маалымат такталып жатат, - деп кабарлашты мекемеден.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жоголгон машинада өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев болушу мүмкүн. Ата мекендик ЖМКы алардын туугандарынын айткандарына таянышып, машинада Абдылдаев өзү, аялы, уулу жана небереси болгон деп билдиришет.  

Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх