Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиционерлер ломбардга күбөлүктөрүн күрөөгө коюшабы? КР ИИМ орун басарынын жообу

Алмазбек Орозалиев кызматтык текшерүү жүргүзүлөрүнө ишендирди. Ал укук коргоочуларды айлыгы жакында жогоруларын кошумчалады 

ИИМинде милиционерлер ломбардга кызматтык күбөлүктөрүн күрөөгө коюшкандыгы тууралу маалыматка байланыштуу ички иликтөө жүргүзүшөт. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары  Алмазбек Орозалиев кабарлады. 

Жакында Kaktus media агентствосу милиционерлер айлык алгыча жашап туруу үчүн ушундай кадамдарга барып жаткандыгы тууралу материал жарыяланган. Күрөө үчүн тартип сакчылары кызматтык жана банк карточкаларын, айдоочулук күбөлүгүн, дипломдорун  жана башка документтерин калтырышат. 

Алмазбек Орозалиев укук коргоо органдарынын айлыгы чынында эле көп эмес экендигин моюнга алды.

-Айлык албетте, жетпейт, - деп белгиледи министрдин орун басары. -  Бирок, биз бул багытта иш алып бара жатабыз. Азыр «Патрулдук милиция» деген пилоттук долбоор бар, анын алкагында катардагы кызматкерлердин айлыгы орточо 20-25 миң сом болот. Андан сырткары, жакында Жогорку Кеңеште «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды, анда сержант курамындагыларга айлык акыны 40 пайызга көтөрүү каралган. 

Ломбардга кызматтык күбөлүктөрүн күрөөгө калтырган милиционерлерге байланыштуу дисциплинардык тартипте чаралар көрүлөт. 

- Кызматтык иликтөө жүргүзөбүз, - деп ишендирди Орозалиев. - Эгер маалымат тастыкталса, чараларды көрөбүз. Ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык күбөлүктөрүн кайсы бир жерлерде калтырууга акылары жок. 

Макалада өзгөчөлөнгөн ломбарддын кызматынан Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын кызматкерлери да пайдаланышары айтылат.  ЖАМКтын маалымат кызматынан Vesti.kg сайтына аталган маалымат туура эмес болушу мүмкүн экендигин түшүндүрүштү.

- Биздин кызматкерлер мекемеге кирер алдында күбөлүктөрүн көрсөтүшүп, кирүү үчүн  жетон алышат, - деп мекемеден түшүндүрүштү. - Андан тышкары, күнүнө эки жолу форманын, жетондун жана күбөлүктүн бар экендиги текшерилет. Бирок, биз баары бир ЖМКнын маалыматы боюнча  текшерүү жүргүзөбүз.

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх