Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузак районундагы 11 жаштагы баланын өлүмү. Ага бир тууган эжеси шектелүүдө 

Бычакталып өлтүрүлгөн баланын денесинин жанында бул өч алуу деген тилкат табылган 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Каңды айылында өлтүрүлгөн баланын денесинин жанында баланы өч алуу максатында өлтүрүштү деген тилкат табылган. Бул тууралу Vesti.kg сайтына облустук ИИБнан кабарлашты.

- Тилкатта минтип жазылган: «Мен сенден сенин балаң аркылуу өчүмдү алдым», - деп милициядан белгилешти. - Өлүп калган баланы коңшулары табышкан, аларды сурап жатышат. Туалетте канга чыланган эркек жана аялдын кийимдерин, ошондой эле бычак да табышкан. Ал бала менен үйүндө 2004-жылы туулган эжеси болгон. Учурда ал шектүү катары каралып жатат. Ал суракка алынууда. 

Мекеменин маалыматы боюнча, баланын ата-энеси окуя болгон мезгилде жумушта болушкан. Баланын энеси Каңды айылындагы бала бакчада иштейт, а атасы болсо - таксист. Бул үй-бүлөдө дагы үч баласы бар.- Коңшулары бул үй-бүлө үлгүлүү үй-бүлө болушкандыгын айтышууда, - дешти Жалал-Абад ИИБнан. 

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты Сузак районунда 11 жаштагы баланы бычактап  салышты деп билдирген.. Ал баланы үйдүн кире беришинен колу жана бутунун байланган абалында табышкан. 

Вероника Малышева

Фото www






© AFP 2019 / J

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх