Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада миллиардердин уулу кыргызстандык башкарган такси менен кагылышты (видео)

Мотоциклчен  каза болду. КР жаранын 2 айга камакка алышты.

Москвада  8-июлда Фрунзе жээк боюндагы жолдо мотоциклист менен такси автомобили кагылышты. Бул тууралу  «РИА Новости» МАнен кабарлашты. 

Эки айдоочу тең ооруканага жеткирилген. Бирок, мотоциклистин өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болбой калган. 

 Мотоциклдин айдоочусу россиялык миллиардердин (Владимир Маругов) жана акындын  (Татьяна Маругова) уулу - Александр Маругов болгон. Ал ММЭАМИнун бүтүрүүчүсү болгон. Өзүн майнинг жана криптовалюта боюнча эксперт катары көрсөткөнгө аракет жасап келген. 

 Ошондой эле россиялык ЖМК резонанстуу ЖТКын видеосун беришкен. 

 

 Ал арада «KGinfo.ru» маалымат агенттиги жеңил автоунаанын рулунда Кыргызстандын жараны 22 жаштагы А.И. болгондугун кабарлаган. 

 Москванын Таганский райондук соту 9-июлда кыргызстандыкты эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Жаш жигитке 264-берененин 3-бөлүгү боюнча, абайлабагандыктан адамдын өмүрүн алган ЖТК боюнча айып тагылган. Айыпталуучуга беш жылга чейин эркинен ажыратуу күтүлөт. 

 Таксист светофор  жашыл жанганда ордунан козголгон, мотоциклист болсо, өтө чоң ылдамдыкта өтүп кетем деген кыялда келип, таксиге урунган. Жыйынтыгында, эки транспорт каражаты бирдей күйө баштаган. Кийинчерээк, мотоциклист, алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Каза болгон мотоциклист миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александр болуп чыкты. А таксист жеңил жаракаттарды алган. 

 «KGinfo.ru» редакциясына кыргызстандык А.И. жактоочусу кабарлагандай, бул иште өтө көп түшүнбөстүктөр бар, бардыгын экспертиза көрсөтөт. 

 «Видеодо тартылгандардан аягына чейин түшүнүксүз суроолор көп, биз сотко өтүнүч менен кайрылабыз, - деди юрист. 

 Фото www

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх