Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык - Көлдөгү атышуу жана барымтага алынган аял: Кылмышкерди издөөгө чек арачылар да тартылды 

Милициядан ок аткан адам азыркыга чейин тоодо жашынып жатат деген божомолду айтышууда 

Ысык - Көлдөгү бийик тоолуу лагерде элдерге ок атып, аялды барымтага алган Сергей Смирновду издөөгө КР Чек ара кызматынын кызматкерлери да кошулушту. Бул тууралу Ысык-Көл облустук ИИБнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

 - Ага издөө жарыяланган, чек ара кызматынын бардык посторуна мерчемдер жөнөтүлгөн, - деп белгилешти милициядан. - Смирнов көп жылдар бою спорттук аңчылык менен алектенген, аңчыларды коштоп  жүргөн коштоочулар менен бирге жүргөн, жана ал жерлерди жакшы билет. Ылдый түшө турган кууш жолдордун бардыгында сакчыларды койгонбуз, ошондуктан анын лагерден ылдый элдүү пункттарда пайда болушу кыйын.  

ИИБдан окуя болгон жердеги лагерге жөнөкөй туристер барышпай тургандыгын түшүндүрүштү. 

- Ал жерде спорттук аңчылыкты сүйгөндөр гана токтошкон, негизинен чет элдиктер, - деп мекемеден билдиришти. - Азыр альпинистер да жок. 

Эске салсак, мурдараак  Vesti.kg сайты  Ысык-Көлдө  «Хан-Тенири» лагериндеги ашканага бир киши кирип барып ок чыгара баштаган. Эки адам каза таап,  бирөөсү бычактан жаракат алган. Окуя болгон жерден качып бараткан кылмышкер бир аялды барымтага алган. Кийинчерээк аял лагерге кайтып келген. 

Вероника Малышева

Фото www                                                

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх