Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жоголгон казакстандык: «Бензин түгөнүп көлдүн ортосунда калдым»

Эми ал адамды,  уурдаганга айыптоо да күтүп турат

Бир канча күн мурда Ысык-Көлдө жоголгон Казакстан жараны укук коргоочуларга суу мотоциклинде эки күн бою көлдө сүзүп өткөргөнүн айтып берген. Бул тууралу Vesti.kg сайтына аймактын ИИБнын  маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. 

- 53 жаштагы Аркадий эки жээктин ортосуна барган кезде скутердин майы түгөнүптүр, - деди Усубакунов. - Андан кийин, анын айткандарына караганда, эки күн бою көлдүн үстүндө түштүк жээк тарапка карай сүзүп жүргөн. Андан соң скутер чөгө баштаган, казакстандык кургак жээкке сүзүп жеткен. Аркадий өзү эс алып жаткан пансионатка жолдон чыккан машиналар менен келген. 

Ошондой эле, ижарага алынган скутердин ээси милицияга жоготуу фактысы боюнча арыз жазганы белгилүү болду. 

- Скутердин ээлери анын баасы 5 миң доллардын тегерегинде болорун жана суу мотоциклин уурдап кеткендиги  тууралу арыз жазышканын кабарлашкан, - деп түшүндүрдү пресс-катчы. - Эки тарап келтирген көрсөтмөлөр изилденүүдө, жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет. 

Эске салсак, казакстандыктын жоголгону тууралу 2019-жылдын 14-июлунда белгилүү болгон. Ал адам ижарага алынган скутерде көлгө чыгып, андан ары жоголуп кеткен.  

Эки күндүк издөө иштерине 111 куткаруучу, 167 милиция кызматкерлери жана 26 жергиликтүү жашоочулар катышкан. Ошондой эле издөөгө 12 кайыкты жана самолет - амфибияны тартышкан.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх