Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Солтон-Сарыда элдин деми кысылбайт.  Ал жердеги жарылуу жол курулушунда болгон» (видео)

Нарын облусунун ыйгарымдуу өкүлчүлүгү: Мал башка себептер менен өлгөн 

Чоң жарылуудан кийин, Нарын облусунун Солтон-Сары айылындагы жергиликтүү жашоочулардын деми кыстыгууда, ал эми жаныбарлар өлүп жатат. Бул тууралу Facebook социалдык түйүнүн колдонуучулары айтышкан. 

«Ушулардын баарын көрүп туруп, атка минерлер кантип укташат? - деп Түйүндүн колдонуучулары суроо узатышкан. 

Vesti.kg сайты элдин тынчсыздангандыгына жооп алуу үчүн Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнө кайрылган.

- Коомчулукка туура эмес маалыматты беришкен, - деп айтышты Vesti.kg сайтына маалымат катчылыгынан. - Жолдун курулушунда жардыруу жүргүзүшкөн. Мындай жардыруу ошол видеого чейин деле болгон. Элдердин деми кысылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. 

Ыйгарымдуу өкүлчүлүктөн, Нарын облусунун ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Мамэкотехинспекциянын жана фитосанитардык инспекциянын өкүлдөрү, Zhong Ji Mining кытай иштетүүчү - компаниянын кызматкерлери  Солтон-Сары айылынын жашоочулары менен жолугушканын белгилешти.

- Баары тирүү, - деп ишендиришти маалымат кызматынан. - Малдардын өлүмүнө байланыштуу, бир сарайда 22 кой өлгөн. Алардын өлүмүнүн себеби он күндөн кийин дайын болот. Азырынча, тийиштүү экспертиза жүргүзүлүп жатат. 

15 - июлда 70ке жакын жергиликтүү жашоочулар облустук администрациянын алдына митингге чыгышкан. Алар  кытайлык Zhong Ji Mining компаниясы иштеткен «Солтон-Сары» алтын кенин иштетүүнү токтотууну талап кылышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх