Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чон-Арыкта бир адам, өзүнө бензин чачып, өзүн - өзү өрттөгүсү келген (видео)

Милиционерлер өзүнө-өзү өрт коюу актысынын алдын алышты, -  деп Чүй облустук ИИББнан тынчтандырышты

Аламүдун районунун  Чон-Арык айылында жер маселелери боюнча соттун өкүмүнө ачууланган адам өзүн-өзү өрттөөнү чечкен. Facebook социалдык түйүнүнө видеону жакында эле жайгаштырышкан.

Ал адам, өзүнө бензин куюп, өзүн-өзү өрттөймүн деп тегерегиндегилерге айтып жатканы кабарланган. 

Окуяга күбө болгон адамдын айтымында, ал жерде милиция, ӨКМдин куткаруучулары жана сот аткаруучулар иштешкен. 

- Бир аз мурдараак, 10:00 чамаларында  Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери Аламүдүн районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүгү жөнөткөн каттын негизинде, Чоң-Арык айылында жайгашкан үйлөрдүн бириндеги жашоочуну үйүнөн чыгаруу учурунда коомдук тартипти сактоону камсыздап жатышкан, - деп айтышты Чүй облустук ИИББнан Vesti.kg сайтына. - Аткаруу баракчасы Аламүдүн райондук соту тарабынан 2019-жылдын 7-мартында берилген. Ошол күнү саат 15:00 милиция кызматкерлерин кандайдыр бир окуя болуп кетпесин дешип чакырышкан. Ал жерге атайын өрт өчүргүчтөр менен ӨКМдин кызматкерлерин да чакырышкан. 

Үйүнөн чыгарылып жатканда К.А. аттуу жаран каршылык көрсөтүү менен үйдүн чатырына чыгып, өзүнө бензин куюп, өзүн-өзү өлтүрөмүн деп коркуткан. Милиционерлер өзүн-өзү өрттөө актынын алдын алышып, ал адамды тамдын чатырынан алып түшүшкөн. 

Аны менен бирге милициядан, К.Э. аттуу жаран жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылып, Чоң-Арык айылындагы үйдүн жашоочулары 2019-жылдын 9-июлунда аткаруу баракчасына ылайык, жашоочуларды үйдөн чыгаруу маалында ага жана Аламүдүн райондук ИИПКнын кызматкерлеринин денелерине жаракат келтиргендиги үчүн чара көрүүнү сурангандыгын кабарлашты. 

- Аламүдүн райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүгү Аламүдун райондук ИИБнө сот аткаруучулардын иштөөсүнө жолтоо болушуп  жана алардын денелерине жаракат келтирген кээ бир адамдарга карата чара көрүү тууралу сунуштама жөнөтүшкөн, - деп маалымат беришти пресс-кызматынан. 

Аталган факт КЖБРнин АМСына катталган. Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. 

Үйдүн жашоочуларын чыгаруу учурунда милиция кызматкерлери жалгыз коомдук тартипти сактоо ишин аткарышкан, башка эч кандай аракеттерди жасашкан эмес. Үйдөн чыгаруу процедурасын Аламүдүн районунун соттук аткаруучулар кызматынын бөлүгүнүн кызматкерлери мыйзамдын алкагында жана соттун чечими менен жүргүзүшкөн, - деп ИИББнан баса белгилешти.  

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх