Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министринин кеңешчиси Кубановдун машинасынын чапталган номери: Элдер ачууланууда

Аткаминер, бул анын машинасы эмес экендигин билдирет 

Билим берүү министринин кеңешчиси Нурсултан Кубановго мүмкүн тиешелүү болгон номери чапталган машинанын сүрөтүн Instagram-аккаунт @bezpredelkg жарыялады. 

Мамлекеттик номерде тамгалар чапталган болуп чыкты. Аткаминердин бул  «алдын ала коргонуусу» колдонуучулардын ачуусун келтирди.  

Бирок, ЖКККББнын маалымат кызматынын катчысы Тилек Исаев Vesti.kg сайтына, Кубановду ошол автомашинаны башкаргандыгы үчүн гана жазага тарта алышарын билдирди. 

- Бузуулар жөнүндөгү Кодексте айдоочу номерлери чапталган машинаны айдаганга болбой тургандыгы жөнүндө пункт бар, - деп белгиледи ал. - Бирок, сүрөт машина жүрүп баратканда тартылган эмес.  Ал сүрөттү автомашина токтоочу жайдан тартышы мүмкүн. Бирок, ал үчүн биз аны жоопко тарта албайбыз. 

Ал арада Кубатовдун өзү, ал автомобиль ага таандык эмес экендигин  Vesti.kg сайтына билдирди. 

- Машина меники эмес, муну тийиштүү органдарга кат жөнөтүп, тактаса болот, - деди министрдин кеңешчиси. - Бул кимдир бирөөлө тарабынан жасалган кандайдыр бир провокация. Азыр мен ири билим берүү долбоорлорунун үстүндө иштеп жатамын, андыктан мен ушундай иштер менен алектенген адамдарды түшүнбөймүн. Ооба, мен бул машинаны айдаганмын, бирок, бул машина меники эмес.

Кандай болгон күндө да, ал ушул транспорт каражатын айдагандыгын мойнуна алды. Бирок, автомобиль аныкы болбосо, анан кантип мындайлар болуп кетти деген журналистин суроосуна, аткаминер жооп берген эмес. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх