Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борборубуздун милициясы Ош базарындагы «көчө казиносун» уюштуруучуларды издейт

Азарт оюндары милициянын таяныч пунктунан 100 метр аралыкта жайгашканына карабай, мурдагыдай эле шектелгендер жана кармалгандар дагы деле жок 

Борборубуздун милициясы Ош базарындагы «көчө казиносун» уюштуруучуларды издейт. Бул тууралу Бишкек шаардык ИИББнан Vesti.kg сайтына кабарлашты. 

- Азарттык оюндар боюнча факты борборубуздун Ленин райондук ИИБнүн КББРине катталган, - деп маалымат беришти милициядан. - КР ККнин   «Азарттык оюндарды өткөрүү үчүн атайын жайды уюштуруу жана кармоо» боюнча 212-берене менен сотко чейинки өндүрүш башталды. 

Мекеменин маалыматтары боюнча, учурда керектүү тергөө - ыкчам аракеттери жүргүзүлүүдө. 

Эске салабыз, мурдараак Vesti.kg сайты Ош базарынын ичинде «көчө казиносун» уюштурулгандыгы тууралу кабарлаган болчу. Укук коргоочулар Vesti.kg сайтына жайгаштырылган видео фактысы боюнча текшерүү башташты.

Азарттык оюндарды өткөрүү жайы милициянын таяныч пунктунан 100 метр алыстыкта жайгашып, бирок, бүгүнкүгө чейин бул иш боюнча шектүүлөр жок.

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх