Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акча талап кылышып, Ысык-Көлдө эки күн жоголгон казакстандыкты үйүнө жибербей жатышат 

Милициядан Аркадийдин аялынын сөзүн четке кагышууда. Ал азыр кай жакта?

Ысык-Көл боюнча бензини түгөнгөн суу мотоциклинде сүзүп жүргөн казакстандын жараны Аркадий Мальков үйүнө кайтып кете албай жатат. Бул тууралу Tengrinews.kz сайтына анын аялы Татьяна Малькова айтып берген. 

Ал аялдын айтымында, анын туугандары Аркадийди кайра артка казакстанга алып кетүү үчүн келишкен. Бирок, жергиликтүү жашоочулар буга жол беришкен эмес. 

«Аларды 300 адам курчап алып, акча төлөшпөсө Аркадийди эч жакка чыгарбашын айтышты», - деп кабарлаган Татьяна. 

Эске салабыз, скутердин ээлери Мальковду уурдоого күнөөлөшүп, милицияга арыз жазышкан. Алардын айткандары боюнча, суу мотоцикли 5 миң доллар турат жана ал акчаны төлөп беришин талап кылышууда. 

Ал арада Ысык-Көл облустук ИИБнын маалымат кызматынан Малькованын сөздөрүн четке кагышты. 

- Эч ким аларды курчаган эмес, жалган маалымат, - дешти ал жактан Vesti.kg сайтына. - Аркадий азыр ошол эле окуяга чейинки эс алып жаткан пансионатта. 

Эсиниздерге салсак, 2019-жылдын 14 - июлунда  Аркадий Мальков көлдө тээп келүү үчүн скутерди ижарага алып, ошол бойдон кайрылып келген эмес. Казакстандыктын досу аны жоголду деп чуу көтөргөн. 

Эки күндүк издөө иштерине 111 куткаруучу, 167 милиция кызматкерлери жана 26 жергиликтүү жашоочулар тартылган. Издөөгө 12 кайык катышып, дагы самолет-амфибияны да тартышкан. 

Бирок, 16-июлда түнкүсүн Аркадий өзү пансионатка кайтып келген. Ал укук коргоочуларга көлдүн ортолорунда суу мотоциклинде бензини түгөнүп, эки күн бою толкундардын арасында болгонун айтып берген. 

Ысык-Көлдүн түштүк жээгине жакын калганда, скутер чөгө баштаган, ошондо Аркадий кургактыкка чейин сүзүп жеткен.

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

  



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх