Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкек-паркта» келген конокту кыргызча сүйлөбө деп эскертишкен. Жетекчиликтин чечмелөөсү

Мейманкананын өкүлү, кызматкеринин суранычынын алдында эмнелер болгонун жана чындыгында кандайча айтылганын айтып берди 

Борборубуздун мейманканаларынын биринде кыргыз тилинде сүйлөөгө тыюу салышты. Бул тууралу Facebook социалдык баракчасына кыргызстандык Абдулбасит Давлат жазып даттанды.

Сөз Bishkek Park Residence мейманканасы тууралу болууда. Ал кишинин айтканы боюнча, аны башка тилде мекеменин сыртына чыгып сүйлөгүн деп суранышкан. 

«Анда мен кыргыз кызматкерлердин бирин чакырууну талап кыла баштаганда, ал чыгып кетти. Ал арада ары -бери басып жүргөн кыргыз кыз келип калды, - деп жазган ал. - Мен абалды түшүндүрдүм, ал дагы орус кыздын койгон талабын кайталады. Беш мүнөт өтпөстөн, төрт кыргыз жигитин ээрчитип алып багы орус кыз кайтып келди. Мен таң калып, алардан сурадым: «Жигиттер, баары жайындабы?» Алар  болсо мага минтип жооп беришти: «Байке, бул жерде ушундай эрежелер. Көйгөй жаратпаңыз». Ошондо мен өзүмдөн-өзүм ойлондум: «Мына сага, мен Кыргызстанда эмес, башка бир өлкөдө жашайт турбаймынбы».

«Бишкек-парктан» Vesti.kg сайтына, бул түшүнбөстүктүн эмнеден чыккандыгын түшүндүрүштү: мейманкананын кызматкерлери кезекте эки адамдан болушуп иштешет, алардын бир кыргыз жана орус тилинде сүйлөп, экинчиси, бир канча тилде сүйлөйт. Абдубасит Давлат келген маалда кыргыз тилдүү кыз сыртка чыккан экен.

- Биздин кызматкерибиз молдовадан, - деп айтты Vesti.kg сайтына жарнама бөлүмүнүн башчысы Батма Казакбаева. - Ал эки ай мурда Кыргызстанга келген. Беш тилди билгендиктен, биз аны ишке алганбыз. Валентина азырынча кыргыз тилин үйрөнө элек. Ал азыр шок абалында. Ал тараптан эч кандай оройлук болгон эмес. Тескерисинче, ал адам ага териштирбестен эле, ар нерсени сүйлөп сурап баштаган:  «Сен Кыргызстанда эмне кылып жүрөсүң?» деп. Ал үчүн биз өзүбүз уялып жатабыз.

Андан дагы, ал кыз келген конокко абалды түшүндүрүп, эгер орусча каалабаса, анда эл аралык тилдердин биринде сүйлөшүн суранган. Ошондон кийин, ал адам Валентинаны кемсинтип сүйлөп баштаган, - деди Казакбаева. 

- Анын эне тилинде сүйлөшүнө тыюу салды дегени - алжыгандык, - деп ишендирет ал. Бизде 95 пайыз кызматкерлерибиз - кыргыздар, алар орусча түшүнбөгөн түрктөр менен кыргызча сүйлөшүшөт. Кызыбыз чочуп кетип, сакчыларды чакырган жана ушул адамды сыртка алып чыгып, тынчтандыргыла деп айткан. 

Жарнама бөлүмүнүн башчысы компаниянын кызматкерлери келген конокторго орой мамиле жасабай тургандыгына ишендирди. 

- Мейманкана бизнесинде бардыгы сый менен болушу керек, - деп белгиледи ал. 

Жыйынтыктап жатып Батма Казакбаева, компаниянын кызматкери эмне үчүн өзүн ушундай алып жүргөнү тууралу коомчулукка билдирүү таратат деп айтты.  

- Билдирүүдө биз сүрөттөрдү жана видеону жарыялайбыз, - деди ал.  - Эл болсо, бардык күчү менен бизге антижарнама жасаганга жана мындан  «хайп алуу» аракетин жасаган Түйүндүн колдонуучусунун чыныгы жүзүн көрүшсүн. 

Медина Купсулдаева 

Фото  www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх