Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз бийчилери Түркиядан үйлөрүнө  кайтып келе алышпай жатышат (фото) 

Анталияда иштеп келүү үчүн кыздарды «Манас» университетинин мурдагы окутуучусу чакырган 

«Манас» университетинин мурдагы окутуучусу Кыргызстандан үч бийчи кызды Түркияга иштеп келүү үчүн чакырып алдап кетти. Алар бөтөн өлкөдө акчалары жана визасы жок калышты. Бул тууралу кыздардын курбусу Бегимай Жаныбекова өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндө айтып берген.

Абдурахман аттуу Түркия жараны, аны кыргызстандык кыздар «Манас» Кыргыз - түрк университетинин окутуучусу катары таанышкан, аларга Анталиядагы элдик бий ансамблинде иштөөнү сунуштаган. 

«Ал виза ачтыруу үчүн ар биринен 300 доллардан чогулткан жана дагы бир аз акчаны ыраазычылык сыпатында алган, - деди Жаныбекова. - Документтерди алардын артынан жөнөтөмүн деген. Жыйынтыгында алар жөнөп кетишкен жана Түркияда 2 ай иштешкен. Башында баары жайында болгон, андан соң күтүүсүздөн, белгисиз бир себептер менен бий тобун чачыратып жиберишет. Ошол эле учурда айлык акыларын такыр төлөп беришкен эмес (бир айга да!). аларды караган эч ким болбой калган, жөн эле тамакка да акча бербей коюшкан, башка керектөөлөрү тууралу сөз жок».

Кийинчерээк кыздар өздөрү такташкандай, мыйзам боюнча, алар визага такыр акча төлөбөш керек экен. Ошол эле учурда туристик агенттиктер эчтекеден жардам бере алышпастыгын, алар менен түзүлгөн келишим - болгону «формалдуулук» экендигин жарыялашкан. Үч кыргызстандык кыздын алдында өлкөдөн айдалып чыгуу коркунучу келип чыккан. 

 «Аларды качан Кыргызстанга кайра жөнөтөсүңөр деген суроого Абдурахман жана ансамблдин жетекчиси бир айдан бери эртең кетесиңер деген менен келишүүдө! - дейт жактырбастан Бегимай. - Алар тараптан коркутуулар болду. Кандай болсо да, бүгүн,  алардын Түркияда мыйзамдуу жүрүшүнүн акыркы күнү». 

Кыздар, бул абалда окутуучуга кандайдыр бир таасир этип берүү үчүн «Манас» университетине кайрылышканда, ал адамдын… эки жылдан бери ал окуу жайда иштебей тургандыгын билишкен.   

Жаныбекованын айтымында, башка өлкөлөрдөн келген бийчилер өздөрүнүн эсебинен, элчиликтин жана турагенттиктердин жардамы менен үйлөрүнө кайтып кетишкен.

Тилекке каршы, ушундай учурлар эмгек миграциясында аз эмес кездешет дешет, өзгөчө, документтери толук эмес даярдалган учурларда. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматы эске салат: эгерде эмгек келишими бузулган учурларда же эмгек шарттары туура келбей калган шарттарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык - кеңеш берүүчү борборуна +996(312)641714  телефонуна же  «1977» жана «1899» ысык түйүнүнүн телефондоруна кайрылуу керектигин билдирет. 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх