Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эки күн бою Ысык - Көлдө сүзүп жүргөн казакстандык, аягында Алматыга кеткенге мүмкүнчүлүк алды 

Аркадий Мальков чөгүп кеткен скутердин баасын төлөп берүүгө сөз берди

Скутер менен Ысык-Көлгө сейилдөөгө чыгып, эки күн бою жоголгон казакстандык үйүнө кайтып келди. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облустук ИИБнын пресс - катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. 

- Казак Республикасынын жараны Аркадий Мальков жана скутердин ээлери белгилүү бир убак ичинде, анын материалдык зыянды төлөп бере тургандыгы жөнүндө бир арага келишти, - деп маалымат берди ал. - Ага байланыштуу скутердин ээлери жекече - коомдук айыптоодон баш тартуу жөнүндө  каршы арыз жазышкан. 

Эске салсак, 2019-жылдын 14 июлунда  Аркадий Мальков көлдө сейилдеп келүү үчүн скутерди ижарага алып, бирок, кайра кайтып келген эмес. 300гө жакын куткаруучулар менен милиция кызматкерлери аны жерде жана суудан издешкен. 

Жыйынтыгында,  16-июль күнү түндөсү ал өзү пансионатка кайтып келген. Аркадий укук коргоо органдарына, көлдүн орто ченинде суу мотоциклинин бензини түгөнүп, эки күн бою суу үстүндө калкып жүргөнгө мажбур болгондугу тууралу айтып берген.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгине жакын калганда, скутер чөгө баштаган, көлдүн жээгине Аркадий сүзүп жеткен. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх