Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чехиядан жумуш убуда беришкен, жыйынтыгында, үйүбүзгө кайтып келүү үчүн, биз көчөдөн таштанды чогулттук»

Ондон ашык кыргызстандыктар алдамчынын аракеттеринен жабыркашкан. Алданган адамдар милицияга арыз жазышкан

Чет өлкөдөн жакшы жумушту убада кылышкан алдамчылардын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын саны, күн сайын өсүүдө. 

Бүгүн биздин ондон ашык мекендештерибиз, Чехияга иштеп келүү үчүн жөнөткөн Нагима аттуу жаранга байланыштуу арыз жазышты. 

Жабыркагандар менен Vesti.kg сайтынын журналисти аңгемелешип, жумушка баргандардын кандай жашоого туш келгендиктерин жана алар кантип үйлөрүнө кайтышкандыктарын билди. 

Үч эркек жана эки кыз өздөрүнүн акыркы тыйындарын иш визасын алуу үчүн беришкендиктерин моюндарына алышты. Нагимага ишенишип, алар, баары бир туристик виза менен Чехияга жөнөй кетишкен. Ал аял өлкөгө киргенден кийин эмгек мигранттарына ошол жерден өлкөдө калуу мөөнөтүн узартышат деп ишендирген.  

Султан Сыдыков иштеп келүүгө уулу менен жөнөгөн. Анын айтымында, жашоо жана жумуш шарттары Нагима менен келишим түзгөндө айтылгандан такыр башкача болгон. 

- Биз уулум экөөбүз башында 1 миң 400 евро төлөдүк, Чехияга келгенден кийин - дагы 1 миң 300 долларды Украинага жөнөттүк, - деди ал. - Биз 66 күнгө туристтик виза алганбыз, Нагима болсо, бул акчалар визаны дагы эки жылга узартуу үчүн керектелет деген. 

Анын үстүнө, кыргызстандыктар алар түзгөн келишим Чехияда бекер жана компаниянын сайтында бекер жайгаштырыла тургандыгын билишкен. 

- Биз өтө татаал шарттарда иштедик, - деп улантты ал киши. - Башка балдар ал оор жумушка чыдай алышпады жана аларды башка шаарга жөнөтуштү. Биз азыр өзүбүздүн акчаларыбызды кайтарып алып, ал аялдын дагы башка бирөөлөрдү алдабашын каалайт элек. Ал аялдын жакында өлкөбүздөн чыгып кетүү тобокелчилиги бар.

Айпери Кашенова да Сыдыков менен бир топто болгон. Ал кыздын айтымында, алдангандыктын айынан ага жана башкаларга ачкачылык тартуу менен көчөдөн таштанды чогултуп, кайра артка билет алууга акча чогултушкан. 

- Мен Нагима менен 2018-жылы июлда таанышканмын, - деп билдирди ал. - Ошондо мен визага документтеримди тапшырып жатканмын. 920 доллар бердим, андан кийин дагы 250 евро Германияга жөнөттүм. Нагима болсо, мага ал жакта классташым жашайт, ал кыргызстандыктарга жумуш табууга жардам көрсөтөт деп түшүндүргөн. 

Кашенова визаны 9 айдан кийин, болгондо да туристтик виза алган. Нагима документти Чехияда узартып беремин деп, ал да жалган болуп чыкты. Ал жакка баргандан кийин адамдар, «укмуш» начар шарттагы жатаканага туш болушкан. 

- Жумуш өтө оор болгон. Ага байланыштуу мен жана эки киши арызданганыбызда, бизди башка шаарга жөнөтүштү жана биз көчөдө калдык, - деди Айпери. - Биз ач жүрдүк, үйүбүзгө билет сатып алуу үчүн көчөдөн таштандыларды чогулттук. 

Тотухан Алымкулова - алданган жаш жигиттердин биринин апасы. Ал аял калгандары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин имаратына келген. 

- Бул жерде ондон ашык адамбыз, алардын арасында учурда Нагимага акчасын берип коюп, азырга чейин виза ала электер бар, - деди ал. - Мага белгилүү болгондой, ал Чехия менен Израилге адамдарды жөнөтүп турган. Офисти ижарага алган кымбат деп, үйүндө иштеген, документтерди да квартирасында кабыл алган. Биз ага 1 миң евро төлөгөнбүз, 3 миң 500 доллар төлөгөндөр да бар. Милицияга арызды бердик, анын Канадага визасы бар - ошондуктан ал өлкөдөн чыгып кетет деп коркуп жатабыз. 

Фото www 




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх