Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто эркек киши көчөдө каза тапты. Ары-бери өтүп жаткандар ал адамга көңүл бурушкан эмес (видео) 

Анын өлүмүнүн себеби алкоголдук уулануу болуп чыкты 

Ошто эркек киши көчөдө эле каза тапты. Окуя болгон жерден тартылган видео Түйүндө жарыяланды.

Видеожазуунун автору, автотоктотуучу жайда кыймылсыз жаткан адамга ары - бери өткөндөр көңүл буруп койбогондугу тууралу айтып берди. 

Түштүк борбордун ИИБнын маалымат кызматынан, ал киши алкоголдук уулануудан каза тапкандыгын айтышты.

- Окуя кечээ күнү болгон, - деп маалымат беришти ал жактан Vesti. kg сайтына. - Тез жардамга чакыруу 20:50лөр чамаларында түшкөн, бирок, ал киши медиктер келгенче эле каза болгон. Каза тапкан адам 1988-жылы туулган Кара - Кулжа айылынын тургуну болгон. 

Сөөктү туугандарына бүгүн беришти.

Зулайка Эркимбаева

Фото www  



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх