Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төртүнчү кабаттан кулап кеткен кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат 

Борборубуздун милициясы бала кандай шарттарда кулап кеткендигин териштирет. 

Төртүнчү кабаттагы терезеден кулап кеткен кыз №3 шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык ИИББнын маалымат катчысы Улан Джумаков кабарлады. 

- Ооруканадан милицияга кабар кечээ 18:50дө түшкөн, - деп маалымат берди ал. - Кичинекей кыз Гагарин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен кулап түшкөн. Азыр болгон окуянын кандайча болгондугун териштирүүдөбүз: ата-энеси кай жакта болгон, ошол учурда үйдө ким болгон. 

Мурдараак, кичинекей кыздын санынын сөөгү сынган деп кабарланган.

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх