Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак-Сай айылынын 600гө жакын жашоочулары Баткенге көчүрүлдү 

Алар баш калкалоочу жайларга жайгаштырылып, психосоциалдык жардам алып жатышат 

Учурда 600гө жакын адамдар Ак-Сай айылынан Баткенге көчүрүлүп келинди. Бул тууралу Vesti.kg сайтына «Кыргызстандын Кызыл жарым ай» коомунан кабарлашты. 

Уюмдун маалыматына караганда, 24-июлга карата Баткенге 351 адамды жайгаштырышкан. Бардыгы болуп Ак-Сай айылында эки миңге чукул адам жашайт.

«Кечээ, 2019-жылдын 23-июлунда, биз 274 киши үчүн эртең мененки жана түшкү тамак, 1,5 миң литр бөтөлкөдөгу суу бөлүштүрдүк; ошондой эле дагы кошумча 300 кишиге түшкү тамак берилди, - делет билдирүүдө. - Андан тышкары, биз жаңы төрөлгөн бөбөктөр үчүн16 гигиеналык топтом таркаттык. Эки жерде которулуп келгендерден балдар жана аялдар үчүн психосоциалдык колдоо боюнча иш-чараларды уюштурдук. 

Бүгүн, 24 - июлда, «Жарым кызыл ай» мурдагыдай эле бөтөлкөдөгү сууларды таркатып, көчүп келген жашоочулар үчүн 5 жерде үй-бүлөлөргө психосоциалдык колдоо көрсөтүүдө».

2019-жылдын 23-июлунда өкмөт Баткен облусунда өзгөчө кырдаалдагы абалды жарыялаган. 

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты кыргыз - тажик чек арасында мурда  «Ак-Сай» деген жазуусу бар жерге Ворух кыштагынын жашоочулары тарабынан желек орноткондон кийин ок атышуу келип чыккан. Андан 16 адам жаракат алгандыгы кабарлаган.

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх