Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак-Сайдын жашоочулары милиционерлереге таш ыргытышты. Жаракат алгандар бар 

Топтолгондорду чуу чыгаруучу гранатанын жардамы менен таркатууга мүмкүн болду 

Милиционерлер, бир канча күн мурда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары арасындагы араздашуу болуп өткөн чек арага жакын жердеги Ак-Сай айылынын жергиликтүү жашоочуларына ок чыгарды. Ушундай маалымат ЖМКлар менен социалдык тармактарга таркаган.  

Бирок, бул ушак сөздөр чындыкка дал келбейт, - деп Баткен облустук ИИБнын маалымат кызматынан айтышты.  

Укук коргоочулар билдиргендей, бүгүн саат алтылар чамасында Ак-Сай айылынын тургундары «Ак-Сай - Ворух» жолун мыйзамсыз жаап салышкан. 

- 11:45 чамаларында милиционерлер жергиликтүү жашоочуларга алардын аракеттери мыйзамсыз экендигин айтышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташкан, - деп маалымат беришти мекемеден. - Андан кийин биздин кызматкерлер тосулган авто жолдогу таяктарды чогулта башташкан. Бул маалда таш жүктөлгөн «Камаз» өтүп, жана жарандар милиционерлерге карата таш  ыргыта башташкан.

Топту таркатууда чуу чыгаруучу гранатанын жардамы менен гана мүмкүн болду деп кошумчалашты аймактык ИИБнан. 

- Алдын ала маалыматтар боюнча, болуп өткөн окуянын аркасынан 4 милиция кызматкери жаракат алган, - деп белгилешти ал жактан. - Социалдык түйүндөрдө айтылып жаткан жергиликтүү жарандардын жаракаттары тууралу болсо, тергөө алардын кайсы маалда  жаракаттарды алгандыгын териштирет.  

Укук коргоочулар жарандарга карата курал колдонгон эмес. 

Ак-Сай айылындагы абал туруктуу деп билдиришет милициядан.

 Эске салсак, кыргыз - тажик чек арасындагы араздашуу 22-июлда болуп өткөн. Чыр чатак учурунда эки тараптан да курал колдонулган.

Бүгүн Ак-Сай айылынан Баткенге 600дөй адам көчүрүлүп келгендиги кабарланууда. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх