Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

12 жаштагы Даниил Браилкинди уурдар кеткендер 7,5 жылга түрмөгө кесилишти

Баланын апасы соттун жыйыны учурунда кылмышкерлер ага «аянычтуу» көрүнгөндүгүн мойнуна алды 

12 жаштагы Даниил Браилкинди уурдар кеткендер 7,5 жылга түрмөгө кесилишти. Бул тууралу Vesti.kg  сайтына Чүй облустук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты. 

- Сот жакында чечим чыгарды жана аларга өтө жогорку мөөнөттү беришти - жети жарым жылга эркинен ажыратышты, - дешти маалымат кызматынан. -  Шектелген эки адам да аталган иш боюнча күнөөлүү деп табылды. 

Даниилдин өзүнүн апасы Зарият Браилкинанын Vesti.kg сайтына айткандарына караганда, соттун өкүмү өтө эле катаал болду.

- Албетте, бардыгы кудайдан, бирок, соттун өкүмүн уккандан кийин, алар мага аянычтуу көрүнүп кетти, - деди өзүн күнөөлүүдөй сезген аял. - Алар жөн жерден эле жети жарым жылга өздөрүнө көйгөй түзүп алышты. Менимче, аларга көбүрөөк берип коюшту. Ошол күн, албетте, мен үчун коркунучтуу күн болду. Мен алар дагы кимдир - бирөөлөрдүн балдары деп кыжалаттанып жатамын.

Эске салсак, 2019-жылдын 11-апрелинде Ысык-Ата районунун ИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Канттан бала уурдалгандыгы тууралу кабар түшөт. Белгисиз адамдар мектепке бара жаткан Данилди ак түстөгү Honda Fit автомашинасына зордуктап салышкан. Кийинчерээк Бишкек шаарынын четиндеги гараждардын жер төлөсүнөн баланы тирүү жана эч жабыркабаган абалда табышкан. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх