Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысынын өлүмүнө шектүү кармалды

Кыргыз Республикасынын жараны аткарган «жумушу» үчүн болгону 100 миң рубль алгандыгын мойнуна алды 

Екатеринбургда  кыргыз диаспорасынын мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектелгендердин бирин кармашкан. Бул тууралу орусиялык ЖМКлар кабарлашкан. 

«КП-Екатеринбургдун» укук коргоо органдарындагы кабарландыруучу булактары жол тандабастын айдоочусун кармагандыгын кабарлашкан.

Кыргызстандык Зарылбек аттуу жаранды Коркино шаарынан (Челябинск облусу) кармашкан. Ал учурда укук коргоочуларга көрсөтмөлөрдү бере баштаган. 

Кармалган адам мурда талап -тоноо жана опузалоо боюнча олтуруп чыккан жана 2018-жылдын октябрында эркиндикке чыккан. Сотко чейин ал тергөө абагында кармалат.  

Бул маалыматты «КП-Екатеринбургга» диаспорадагы булак тастыктаган. 

- Каримовду өлтүрүү алардын оюнда болгон эмес, - деп айтып жатты булак «Комсомолкага». - Башында алар «Таган катары» базарындагы башка бизнесменге кол салмак болушкан, тоной турган адамдарды машина тототуучу жердеги кымбат баалуу машиналары аркылуу тандашкан. Кийинчерээк, Каримов чоң суммадагы акча алат (19 млн рубль - ред. эск.) деген билдирүү келип түшкөн.  Тоноо тууралу беш адам гана билген, алар диаспоранын жетекчиси коркутканда эле акчаны беришет дешкен, бирок. ал каршылык көрсөтө баштаган. Volkswagenдин айдоочусу жасаган жумушу үчүн болгону 100 миң рубль алгандыгын мойнуна алган. 

Аны менен бирге талоончулар Камчыбек Каримовдун баштыгынан 2 эмес, 4 млн рубль уурдагандыгы тууралу маалымат пайда болгон. 

Эсиңиздерге салсак, 3 июлда Екатеринбург шаарындакыргыз диаспорасынын мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовду өлтүрүп кетишкен. Орусиялык ЖМКлардын маалыматтарына караганда, белгисиз адамдар кыргызстандыкты анын үйүнүн жанында ага эки жолу ок чыгарышып өлтүрүшкөн. 

Видеобайкоо камералары үч эркекти жазып калышкан. Талоончулар Уралмашка кара түстөгү Volkswagen Touareg машинасында келишкен жана Каримовдун баштыгынан 19 млн рубль уурдоону максат кылышкан. Анын  «Таган катары» базарында бизнеси бар экендиги тууралу көпчүлүккө белгилүү болгон.  

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси каза тапкан. Аны өз мекенинде - Ош облусунда жерге беришкен. 

Фото www

 

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх