Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

25-августа боло турган тартип бузуулар тууралу ушактар. Дүрбөлөңгө салуучу аудиону таркаткан адам аныкталды 

Ал кыргызстандык аял мекендештеринин алдында, ошол убакта алдастап, чак-чалакей түшүп калганын жана коомчулуктун башын айлантканы үчүн  кечирим сурады 

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде Кыргызстандын жараны Ю.П. аттуу аялдын, 2019-жылдын 25-августунан 13-сентябрына чейинки мезгилге карата массалык тартип бузуулар даярдалып жаткандыгы жөнүндө социалдык түйүндө билдирүү тараткандыгы  белгилүү болду. 

Ал түрдүү ушактарга ишенүү менен, аудиобилдирүү жаздырып жана өзүнүн туугандарын жана жакындарын эскертүү максатында билдирүү жөнөткөн, өз учурунда ал билдирүү социалдык түйүндөрдө тездик менен тарап кеткендиги аныкталган.

Түшүндүрүү аңгемелешүүсүнүн жүрүшүндө ал өз аракеттеринин ченинен чыгып кеткендигин мойнуна алды жана өзүнөн-өзү дүрбөлөңгө түшкөндүгүнө кейигендигин билдирди. Ошондой эле, өлкөбүздүн жарандарына кайрылып, коомчулукту адаштыруу менен туура эмес маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. 

Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында аны менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 

УКМКнын маалымат кызматы

Фото www

  



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх