Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түп районунда  бир киши 15- жаштагы кызды зордуктаган 

Ал өз күнөөсүн мойнуна алып, сот алдында жооп берүүгө даяр 

Ысык-Көл облусунда 32 жаштагы эркек, кызды зордуктап койгон. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облустук ИИБнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Аймактык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, июндун акыркы күндөрүндө милиция органына жабыр тарткандын ата-энеси кайрылып, окуя 17-июнда болгондугун көрсөтүшкөн. 

- Шектүү 1987-жылы туулган, учурда камакка алынган, - деди Усубакунов. - Азыр тергөө- ыкчам иш чаралары бүтүүнүн алдында турат. Аталган факт КББРине катталган. Экспертиза зордуктоо фактысын тастыктады. 

Бирок, ИИБнан болуп өткөн окуянын жагдайларын жана тактап айтып берүүдөн тергөөнүн сырларына таянуу менен баш тартышты.  

Шектүү адамдын өзү, бизге белгилүү болгондой, күнөөсүн мойнуна алган жана келерки жумада боло турган сот алдында жооп берүүгө даяр.

Эльдос Казыбеков

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх